​Майыптардын жөлөк пулу жогорулайт

28-Апр. 2018, Ишемби, 12:06

Кыргызстанда тубаса майыптардын жөлөк пулун көбөйтүү пландалып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул боюнча өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аталган токтомдо майыптардын жөлөк пулун 1000 сомго чейин жогорулатуу каралган.

2018-жылы жалпы казынадан мамлекеттик жөлөк пулга 7 млрд. 950 млн. сом бөлүнгөн. Жогорудагы өкмөт токтомун ишке ашыруу үчүн кошумча 19,7 млн. сом керектелет.

Эскерте кетсек, өлкөдө жалпы 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. Майып балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пул акыркы жолу 2011-жылы 50 пайызга көбөйтүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!