​Сузакта 1,5 млн. куб метр көчкү түштү

2-Май 2018, Шаршемби, 11:04

Сузакта түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 1,5 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. 30-апрелде аймакка киргизилген өзгөчө кырдаал алынды.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгиндеги жер сүрүлүп, дарыяны жаап калган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!