​Жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды (фото)

3-Май 2018, Бейшемби, 13:27

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 3-майда болжол менен таңкы саат 07:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 467-чакырымында катталган.

“Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып, бакты сүзүп алган.

Кырсыктан бир адам жабыркап, үчөө каза болгон. Учурда алардын өздүгү такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!