4-май: Кыргызстанда жаан жаайт

3-Май 2018, Бейшемби, 16:09

4-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

Нарын дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Ош облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Бишкек шаарында 4-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус жылуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!