​Кыргызстанда орточо айлык маяна өстү

7-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:23

Кыргызстанда орточо айлык маяна 6,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, майда ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлыгы быйыл жыл башынан бери 14 миң 560 сомду же 212 долларды түздү. Бул көлөм өткөн жылга салыштырмалуу 6,5 пайызга көп.

Айлыктын көбөйүүсү экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн дээрлик бардык ишканаларда, айрыкча курулуш, тейлөө, кесиптик, илимий-техникалык, мамлекеттик башкаруу жана коргоо тармактарында байкалды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!