Бишкектин тургуну 16-кабаттан боюн таштады

Бишкектин тургуну 16-кабаттан боюн таштады
12-Май 2018, Ишемби, 12:23

Бишкекте белгисиз адам 16-кабаттан боюн таштады. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-майда саат 13:30 чамасында белгисиз жаран Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштап жиберген. Ал жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Окуя болгон жерге Ички иштер министрлигинин Октябрь райондук бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө тобу барган. Боюн таштаган адам өз өмүрүнө кол салганы айтылууда.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кырсыктын себептери аныкталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!