​14-май: нөшөрлөгөн жаан-жачын жаайт

​14-май: нөшөрлөгөн жаан-жачын жаайт
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 11:38

14-майда жаан-чачын өлкө аймагында жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында нөшөргө айланат. Мындай туруксуз аба ырайы 16-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 22 метрге чейин жетет.

Абанын таемпературасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20,

Ош облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,

Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24,

Нарын дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19,

Бишкек шаарында мезгил-мезгили нөшөрлөп жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 18…20 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР