​Сел калкты жарыксыз калтырды

​Сел калкты жарыксыз калтырды
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 11:57

Баткен облусунун Лейлек районунда бир нече турак жайды сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 13-майда жааган жамгырдан кийин Ак-Суу айыл аймагындагы Шор-Булак сайынан сел жүрүп, Чимген айылында эки үйдү, Исфана шаарында бир турак жайды суу каптаган. Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө да суу кирген.

Ак-Суу айылы менен Кара-Камар айылын байланыштырган жолдун 4 чакырымын сел жууп кетип, жабык турат. Ошондой эле сел Ак-Суу айылында бир нече малды да агызган. Эки электр мамысы сууга агып кетип, Ак-Суу, Чоюнчу, Жар-Кыштак айылдары электр жарыгы жок отурат.

Учурда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!