​Дарыяга 31 тонна май төгүлдү

​Дарыяга 31 тонна май төгүлдү
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:40

Күйүүчү май ташыган унаа көпүрөдөн дарыяга кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлек районунда Кушлук-Сай айылында күйүүчү май ташыган унаа селден бузулуп калган көпүрөдөн өтө албай, дарыяга кулаган. Кырсыктын кесепетинен 31 тонна дизель отуну төгүлдү

Куткаруучулар кырсык болгон жерде дизель майын куюп алууга жардам беришкен. Жергиликтүү милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!