​15-май: аймактарда жаан жаайт

​15-май: аймактарда жаан жаайт
15-Май 2018, Шейшемби, 09:32

15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метри түзөт, Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 13...18,

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,

Ош областында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,

Баткен областында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,

Жалал-Абад областында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 20...22 болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!