​2050-жылы Кыргызстандын калкы 8 миллиондон ашат

​2050-жылы Кыргызстандын калкы 8 миллиондон ашат
18-Май 2018, Жума, 11:09

Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин божомолуна ылайык 2050-жылы Борбор Азиянын калкынын саны 94,2 млн. жетет.

Маалыматка караганда, 32 жылдан кийин калктын саны Өзбекстанда 40,8 млн., Казакстанда 23, Тажикстанда 14,5, Кыргызстанда 8,1 жана Түркмөнстанда 7,8 миллионго жетиши мүмкүн.

Ал эми Россиянын калкынын саны 2050-жылы 133 млн. чейин азаят деп болжолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!