​Мечиттин чатыры күйүп кетти

​Мечиттин чатыры күйүп кетти
18-Май 2018, Жума, 12:58

Бишкек шаарындагы мечиттердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-майга караган түнү Махатма Ганди жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечитте өрт чыгып, анын чатырынын 1 миң 300 чарчы метри күйүп кеткен.

Кырсык тууралуу маалымат түнкү саат 00:05тер чамасында келип түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 3 унаа тартылып, тилсиз жоо саат 02:40та толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!