​19-май: көпчүлүк аймактарда күн бүркөк болот

​19-май: көпчүлүк аймактарда күн бүркөк болот
18-Май 2018, Жума, 18:24

19-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Баткенде түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,

Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8 градус болот.

Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градуска чейин көтөрүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР