​21-май: тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн

​21-май: тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 10:22

21-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26,

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Ош облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26

Жалал-Абадда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,

Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР