​Бишкекте ысык суу өчүрүлдү

​Бишкекте ысык суу өчүрүлдү
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 11:38

Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкекте 21-майдан 21-июнга чейин ысык суу өчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ысык суу жыл сайын кайталануучу жылуулук колдонуу мезгилине карата даярдык көрүү үчүн жасалган профилактикалык жумуштарга байланыштуу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка 8-майда шаар мэри Албек Ибраимов кол койгон.

Эске салсак, өткөн жылы ысык суу 22-майда өчүрүлгөн. Ал эми мурунку жылдарда 9-майдан кийин өчүрүлүп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!