​Унаа сууга акты, ичиндегилер аманбы?

​Унаа сууга акты, ичиндегилер аманбы?
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 13:04

“Матиз” үлгүсүндөгү унаа сууга агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 20-майда болжол менен таңкы саат 04:09 чамасында Ноокен районунун Ак-Жийде айылында катталган.

Унаадагы жүргүнчү Рустам Масудовду жергиликтүү тургундар куткарып алышкан. Ал эми айдоочуну сел агызып кеткен, анын жансыз денесин суудан алып чыгышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!