​Ошто кыздар эмнеге өз жандарын кыйды?

​Ошто кыздар эмнеге өз жандарын кыйды?
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 13:17

Ош шаарында үч кыз жанын кыюууга барды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жашаган 15 жаштагы кыз үйүнүн босогосуна, Мамытов көчөсүнүн тургуну 33 жаштагы аял үйдүн короосунда жоолугуна асынып алды. Ал эми Курманжан Датка көчөсүндө жашаган 28 жаран дары ичип, өз жанын кыюуга аракет кылды. Аны даарыгерлер сактап калышты.

Жыл башынан бери Ош шаарында 32 суицид катталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!