​22-май: мезгил-мезгили менен жаан жаайт

​22-май: мезгил-мезгили менен жаан жаайт
21-Май 2018, Дүйшөмбү, 15:38

22-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, нөшөргө айланат. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21,

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28,

Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26,

Ош облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Кечке жуук өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!