​23-май: тоолордо кар жаайт

​23-май: тоолордо кар жаайт
22-Май 2018, Шейшемби, 17:21

23-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын көп болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй обласында түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26 градус ысыйт.

Талас обласында түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26 градус ысыйт.

Ош облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25 градус ысык болот

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25 градус ысык болот

Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25 градус ысык болот.

Ысык-Көл түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20 градуска чейин жылыйт.

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20 градуска чейин жылыйт.

Бишкек шаарында 23-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы 10...12, күндүз 24...26 градус ысык болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!