​Таксистти өрттөп жиберген

​Таксистти өрттөп жиберген
23-Май 2018, Шаршемби, 10:14

Милиция кызматкерлери таксисттин өлүмүнө шектүү жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарында 13-майда 30 жаштагы Ильхом Эрматов “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унааны айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Ильхом Эрматовдун өрттөлгөн денесин 22-майда талаадан табышкан. Ал эми унаасы Токмоктон табылган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алган. Ал изин жашыруу максатында, кыргыз-казак чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда колго түштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!