​Ысык-Көл, Нарында үшүк жүрүшү мүмкүн

​Ысык-Көл, Нарында үшүк жүрүшү мүмкүн
23-Май 2018, Шаршемби, 12:09

Ысык-Көл жана Нарын областарында температура төмөндөп үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 24-майда түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын табы 0…-2° төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жылуулукту сүйүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунучтуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!