​Россияда кыргызстандык таяктан каза болду

​Россияда кыргызстандык таяктан каза болду
23-Май 2018, Шаршемби, 13:55

Россияда 27 жаштагы кыргызстандык жаран белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып, ооруканага жетпей каза болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, 17-майда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине Москва облусундагы Красногорское шаарындагы сот-медициналык бөлүмүндө кыргызстандык жарандын сөөгү жатканы тууралуу кабарланган.

Кыргызстандык жарандар 14-май күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Красногорское шаарындагы Красный Бульвар көчөсүндөгү суунун жээгине эс алууга барышкан. Алар эки сааттан кийин тарап кетишкен. Ал жерде маркум, бир кыз жана дагы бир эркек киши болуп эс алуусун улантып калып калган. Кечки саат 20:30 чамасында маркумга тааныш эки киши келип сабай башташкан. Ортого түшкөн жанындагы кызды да токмоктошкон. Ызы-чуу башталганда булардын шериги качып кеткен. Бир аз убакыттан кийин кайтып келип, кыз менен баланын катуу сабалганын көрүп, тез жардам чакырган. Бирок ооруканага жетпей жолдон үзүлгөн. Ал эми кыздын ден соолугу жакшы, учурда дарыланууда.

Окуя боюнча күч органдары кылмыш ишин козгоду.

Ал эми маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!