​Россияда кыргыз мигранттары беш эсеге өскөн

​Россияда кыргыз мигранттары беш эсеге өскөн
24-Май 2018, Бейшемби, 11:48

Акыркы беш жылда Россияда иштеген кыргыз мигранттарынын саны беш эсеге өскөн. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматтка караганда, 2012-жылы Россияда 79 миң 375 кыргыз жарандары эмгектенсе 2017-жылы алардын саны 376 миң 863кө жеткен.

Ал эми Россияда эмгектенген армениялыктардын саны 2017-жылда 232 миң 247 деп катталган. Бул көрсөткүч 2012-жылы 90 миң 549 болчу. Эки өлкө тең Евразия экономикалык бирикмесинин курамына кирет. Эки өлкөнүн жарандары Орусияда мыйзамдуу түрдө ишке орношуусу үчүн, патент алуунун кереги жок.

Эске салсак, Кыргызстан расмий түрдө 2015-жылы августта Евразия экономикалык бирикмесине кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!