​Тоолуу аймактарга кар калың түшүп, мал кырылды

​Тоолуу аймактарга кар калың түшүп, мал кырылды
24-Май 2018, Бейшемби, 14:37

23-майдан 24-майга караган түнү өлкөнүн айрым тоолуу аймактарында кар түштү. Кээбир жерлеринде кардын калыңдыгы 20-25 сантиметрге чейин жеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Чүйдө Чоң-Кемин өрөөнүнө, Ысык-Көл областында Ысык-Көл районунда Кайкы жана Чок-Тал жайлоолорунда, ошондой эле Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл аймагындагы Ак-Сай, Чымынды-Сай, Көк-Сай, Көк-Бел, Арашан, Алмалуу, Шахты жайлоолорунда, Түп районунда да кар түшкөн.

Ошондой эле Ош-Бишкек жолундагы Ала-Бел ашуусуна да кар калың түшкөн.

Ал эми Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек аймагында калың жааган кардын кесепетинен, 200 кой кырылып калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!