​25-май: үшүк жүрүшү мүмкүн

​25-май: үшүк жүрүшү мүмкүн
24-Май 2018, Бейшемби, 18:01

25-майда түнкүсүн Ысык-Көлдө жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 0 -2 градус үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, мындай үшүк жылуулук сүйүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунучтуу.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда 1…6, күндүз 17…22 градуска чейин жылыйт;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-2, күндүз 15…20 градус болот.

Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29 градус;

Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус;

Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30 градус;

Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 8…10°, күндүзү 26…28° жылуу болушу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!