Жабык батирден адамдын сөөгү табылды

Жабык батирден адамдын сөөгү табылды
28-Май 2018, Дүйшөмбү, 14:01

Токмокто эшиги жабылып калган батирдин ичинен 81 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 26-майында болжол менен саат 11:40 чамасында куткаруучулар эшиги жабылып калган батирди ачышкан.

Батирдин ичинде 1937-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун денесин ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!