​“Таза коомго” 1 млрд. сом бөлүндү

​“Таза коомго” 1 млрд. сом бөлүндү
30-Май 2018, Шаршемби, 15:19

2018-жылы “Таза коом” долбооруна бюджеттен 1 млрд. сом бөлүндү. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда долбоорлор үчүн 155 млн. сом бөлүштүрүлдү. Айрымдарын ишке ашыруу жүрүп жатат.

Өткөн жылы аталган долбоорду ишке ашырууда 220 млн. сом коротулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!