Жааган кар 20 млн. сом чыгым алып келген

Жааган кар 20 млн. сом чыгым алып келген
30-Май 2018, Шаршемби, 15:41

Өткөн жума ичинде жааган кардын кесепети Ысык-Көл облусунуна 20 млн. ашык чыгым алып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырылган малдын сөөгү санитардык эрежелер жана талаптарды эске алуу менен “Беккари” чуңкуруна көмүлдү.

Жарандарды коргоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн чыгарган жыйынтыгы боюнча:

Ысык-Көл району боюнча: 2 миң. 941 кой-эчки, 87 уй жана 111 жылкы болуп жалпы 17 млн. 637 миң 600 сом чыгым келтирилген.

Ак-Суу району: 139 кой эчки, 4 уй 7 жылкы жалпы 1 млн 67 миң сом чыгаша болгон.

Түп району: 59 баш кой чыгаша 236 миң сом.

Тоң району: 240 кой,7 уй, 1 жылкы жалпы 1 млн. 387 миң 80 сом зыян тарткан.

Эскерте кетсек, 23-майда Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында калың кар түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!