​Кыргызстанда балдардын саны 2,3 млн. ашат

​Кыргызстанда балдардын саны 2,3 млн. ашат
31-Май 2018, Бейшемби, 11:20

Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 млн. 312 миңге жетет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 18 жашка чейинки балдардын 51 пайызын эркектер түзөт. Анын ичинен 7 жашка чейинки балдардын саны 1 млн. 75 миң же 46 пайыз, 7-14 жаш арасындагылардын саны 946 миң же 41 пайыз, ал эми 15-17 жаштагы өспүрүмдөрдүн саны 291 миңге жетет.

Өлкөдөгү балдардын 69 пайызы айыл жерлеринде жашайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!