5 жашар кыз сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 11-июнда болгон анда наристе Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына агып кеткен.
Куткаруучулар окуя болгон жерге келгенге чейин жергиликтүү тургундар кызды куткарып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок, кыз ооруканада каза болуп калган.