Орозо айт намазы кайда окулат?

Орозо айт намазы кайда окулат?
14-Июнь 2018, Бейшемби, 10:48

Бишкекте Орозо айт намазы 15-июнда таңкы саат 06:15те Эски аянтта башталат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 06:15тен 07:00гө чейин Дин аалымдарынын баяндамалары окулат. Андан кийинки 20 мүнөттө Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн куттуктоосу, акырында саат 7 жарымда Айт намазы окулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР