21-июнь: көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

21-июнь: көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт
20-Июнь 2018, Шаршемби, 18:12

21-июнда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, бийик тоолорго кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,

Баткен облусунда түнкүсүн 14... 19, күндүз 28...33,

Ош облусунда түнкүсүн 14... 19, күндүз 28...33,

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 14... 19, күндүз 28...33,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан себелейт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы 15…17, күндүз 28…30 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!