​22-июнь: Күн 35 градуска чейин ысыйт

​22-июнь: Күн 35 градуска чейин ысыйт
21-Июнь 2018, Бейшемби, 14:54

22-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 26...31,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,

Баткен облусунда түнкүсүн 13... 18, күндүз 30...35,

Ош облусунда түнкүсүн 12... 17, күндүз 30...35,

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 12... 17, күндүз 30...35,

22-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 30…32° жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!