​Нарынды чегиртке каптайбы?

​Нарынды чегиртке каптайбы?
22-Июнь 2018, Жума, 14:08

Нарын облусунда айдоо аянттарын жана жайыттарды чегиртке каптап, аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал жана Нарын райондорунда жалпы 42 миң 266 гектар айдоо аянттарын жана жайыттарды чегиртке каптаган.

Нарын облустук өсүмдүктөрдү коргоо кызматынан микронер менен жабдылган чегирткеге каршы дары себүүчү 8 унаа тартылып, тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп жатат.

Ушул жылдын 21-майынан тарта Нарын обулусу боюнча чегиртке жана курт кумурскага каршы химиялык дарылоо иштери жүргүзүлүп, 45 миң гектар айдоо жерлерине дары себилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!