​23-июнь: кыска убакытка жаан жаашы мүмкүн

​23-июнь: кыска убакытка жаан жаашы мүмкүн
22-Июнь 2018, Жума, 14:29

23-июнда тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Кыргыз тоо кыркасында кыска убакытка жаан жаап, күн күркүрөшүү тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;

Нарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ош облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +33…+35 градус ысык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР