​“Ташкент-Балыкчы” поезди Балыкчыга келди

​“Ташкент-Балыкчы” поезди Балыкчыга келди
23-Июнь 2018, Ишемби, 13:05

“Ташкент-Балыкчы” каттамындагы поезд менен Өзбекстандан 150дөн ашуун эс алуучу Балыкчыга келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган каттамдагы поезд сегиз жылдык тыныгуудан кийин кайра жанданды.

Буга чейин эки өлкө жетекчилери Өзбекстандагы ири ишканалардын жумушчуларын Ысык-Көлдө эс алдыруу боюнча макулдашылып, жыл башынан бери Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамын жүргүзүү сүйлөшүлгөн. Мындан тышкары Ташкент-Тамчы багыты менен учак каттап жатат, ошондой эле күн алыс Бишкек-Ташкент багытында автобус жүрө баштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!