​Экономикалык кылмыш: 600 млн. сом кайтарылды

​Экономикалык кылмыш: 600 млн. сом кайтарылды
26-Июнь 2018, Шейшемби, 11:30

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы төрт ай ичинде 588 млн. сомдон ашык акчаны мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Финполициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын төрт айында 911 кылмыш ишти тергелди. Анын ичинен 251 иш сотко өткөрүлдү. Бул былтыркыга караганда 103 ишке көп.

Ошондой эле Экономикалык кылмыштарга күрөш кызматынын тергөөчүлөрү мурда кыскартылган 139 кылмыш ишти кайрадан карай баштаган. Мунун жыйынтыгында төрт ай ичинде 588 млн. сомдон ашык акча мамлекетке өндүрүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!