​28-июнь: күн ысык болот

​28-июнь: күн ысык болот
27-Июнь 2018, Шаршемби, 15:02

28-июнда тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+2, күндүз +21…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+2, күндүз +21…+27,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Баткенде түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Ош облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32 градус.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!