​Жол кырсыгынан наристе чарчап калды

​Жол кырсыгынан наристе чарчап калды
28-Июнь 2018, Бейшемби, 12:35

“Форд Мондео” үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташыган "КамАз" унаасы кагышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 27-июнда саат 22:00 чамасында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Телман айылында болгон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын 23 жаштагы айдоочусу жана анын эжесинин 1 жаштагы баласы Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок, алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!