​Сууга чөккөн наристе табылды

​Сууга чөккөн наристе табылды
28-Июнь 2018, Бейшемби, 13:08

Ноокенде сууга чөгүп кеткен 5 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 28-июнда болжол менен саат 09:00дөр чамасында кыздын жансыз денеси суудан жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, 27-июнда Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылында 5 жаштагы кыз Достук каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга түшүп чөгүп кеткен. ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшүп, кечки саат 21:00дө натыйжа болбогондуктан убактылуу издөө токтотулган .

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!