​30-июнь: күндүн ысыгы 36 градуска жетет

​30-июнь: күндүн ысыгы 36 градуска жетет
29-Июнь 2018, Жума, 14:56

30-июнда түнкүсүн өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз тоолуу райондордо кыска убакытка жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;

Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +24…+29;

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;

Таласта түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Ош облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус ысык.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!