​Баткенде музей ачылды

​Баткенде музей ачылды
30-Июнь 2018, Ишемби, 13:44

Баткен шаарында тарыхый музей ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, музейди ачуу демилгеси шаардык мэрия жана Баткен Мамлекеттик Университетинин жамаатына таандык.

Аталган музейге 2 миңден ашык экспонат жайгаштырылган. Экспонаттардын ичинде биздин замандын I кылымына таандык таштан, чоподон жасалган кол эмгектер, эң алгачкы ташка чегилген жазма экспонаттарга да орун берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!