​Дем алыш күнгө аба ырайы кандай?

​Дем алыш күнгө аба ырайы кандай?
30-Июнь 2018, Ишемби, 13:58

Кыргызстандын аймактарында 1- июль күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.

Аба ырайы:

Ысык-Көл обласында түнкүсүн +9… +14, күндүз +24…+29;

Нарын обласында түнкүсүн +9… +14, күндүз +24…+29;

Чүй обласында түнкүсүн + 15.. +20, күндүз +30… +35;

Талас обласында түнкүсүн + 13… +18, күндүз +28…+33;

Ош обласында түнкүсүн +15… +20, күндүз +31…+36;

Жалал-Абад обласында түнкүсүн +15… +20, күндүз +31…+36;

Баткен обласында түнкүсүн +15… +20, күндүз +31…+36 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында абанын температурасы күндүз 30 градустан жогору болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!