Табиятка таш боор мамиле жасаган кимдер? (видео)

Табиятка таш боор мамиле жасаган кимдер? (видео)
30-Июнь 2018, Ишемби, 14:52

Жыл сайын калк отурукташкан жаңы конуштар көбөйүп, аны менен бирге таштанды таштоочу жайлардын саны да өсүүдө. Убакыттын өтүшү менен таштандылар тоодой үйүлүп, өкүндүргөнү таштандылар эми алыскы тоолорду аралай баштады. Дегеним, жергиликтүү эс алуучулар өзү менен кошо тиричилик калдыктарын алып кетүүнүн ордуна биз суктанган жаратылыш койнуна калтырып кете беришет.


Кегети капчыгайында эс алуучуларды кабыл алып иштеп келген Айзада Дүйшеева чет элдик туристтерге эмес, жергиликтүү эс алуучулардын жаратылышка болгон мамилесине нааразы. Анын айтымында, туристтер таштандыларды айттырбай эле өзүлөрү менен кошо ала кетишсе, жергиликтүү эс алуучулар үчүн таштандыларды ордуна калтырып кетүү кадыресе көрүнүшкө айланып калган.


Кейибе бака саз биздики болот

Мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүгө чоң салым кошкон тармактардын бири туризм экенинен эч ким тана албаса керек. Ал эми келген туристтердин саны эс алуу үчүн түзүлгөн шарттарга, жаратылыштын абалына көз каранды эмеспи. Бирок, экономика деп экологияны эстен чыгарып койгондой туюлат. Маселен, жараткан тартуулаган жаратылышыбыздын айланасын таштандыга толтурдук. Өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлүбүзгө, дартка даба аршан сууларыбызды булгап, жагымдуу сайраган куштарга, табияттын бөлүгү болгон айбанаттарга барган сайын өгөйлүк, аёсуз мамиле кылып жатканыбызды кантип жокко чыгарасың? Балыкты мындай кой, сазды байырлаган бакалар барган сайын адам факторунан кырылып бараткандыгы эмнени каңкуулайт? Ал гана эмес Асканын күчүнѳ моюн бербестен жарып чыккан, арча-карагайларды да жөн койбодук. Жаратылыш кечиреби эми?...

Гид кызматын аркалап келген Мирбек Бусурманкулов Соң-Көлдүн азыркы абалына кейип: “Сон-Көлдүн бүгүнкү күндөгү абалы. Даана Ак-Мөөрдун көз-жашы төгүлө турган абалга жетти. Чет элдик коноктор менен ушул жерден өтүп баратып башынды жерге салып өтөсүң. Соң-Көлдүн таш-талканын чыгарып жаткан ошол жактагы броконьер балыкчылар, балыгын гана кырып тим болбой, колдун жээгин таштанды жай кылышты!” , - деген аянычтуу пикирин калтырган.

Сон-Көл көлүнө жасалма жол менен кое берилген 2 жарым миллион малек балыктары браконьерлер тарабынан аесуз кырылууда. Тагыраагы, Соң-Көл балык чарбасы тарабынан майда балыктар жасалма жол менен көбөйтүлүп, багып аны кайра Соң-Көл көлүнө кое беришкен. Адистер тарабынан кое берилген балыктар үч жыл ичинде чоноюп, андан кийин гана икра чача башташат. Бирок бул мөөнөткө жеткирбей эле браконьерлердин кесепетинен балыктардын саны кескин азайып барат.


Сибирь тоо эчкиси Панфилов районунун Кайынды шаарчасынын А.С Поляков аттуу тургуну тарабынан атылгандыгы белгилүү болгон. Аталган жаран мыйзамсыз, эч кандай уруксат кагаздары жок анчылык кылып, корука алынган жаныбарга кол салган.


Өлкөдө канча калдык таштоочу жай бар?

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги менен биргеликте инвентаризация иштерин жүргүзүп келет. 2018-жылдын акыркы инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча калдыктарды таштоочу жайлардын саны 406 деп эсептелинген. Чындап келгенде талапка жооп берген калдык таштоочу жайлардын саны өтө эле аз. Санкцияланган жана санкцияланбаган деп айтыш оорго турат. Анткени айыл чарба, токой фондунун жерлеринде полигондор жайгашып калгандыгына байланыштуу жердин категориясын өзгөртмөйүн санкцияланган деп саналбайт. Талапка ылайык, айлана чөйрөсү тосулган болушу шарт. Салыштырмалуу санап көргөндө 60дай таштанды жай санкцияланган.

Бишкектин шаар четинде жайгашкан калдык сактоочу жай калктын саны менен 3,5 млн кубка ылайыкташтырылып салынган. Азыркы учурда нормативдик ченемден ашып, 28 млн куб таштанды орун алган.

Көкөйгө көк талкандай тийген таштанды маселеси качан чечилет?

Бул суроого жооп издөө үчүн Мамэкотехинспекциясынын экологиялык коопсуздук бөлүмүнүн улук инспектору Жаркынай Амантуровага кайрылдык. Ал таштанды көйгөйү көп жылдардан бери эле көтөрүлүп келе жатканын айтты.

“Менин жеке оюмча эгер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жакшы иштесе мурун эле калдык таштоочу жайларды жөнгө салып коймок. Биз алардын үстүнөн улам эле айып салып, каалаган убакта барып текшере албайбыз. Азыркы учурда биздин демилгебиз менен төрт таштанды жайы жабылган. Биз аларды жаап койсок, айыл өкмөт ачканга аракет кыла баштайт экен. Ошондуктан ушундай кадамга барганга аргасыз болуп атабыз. Анткени, айып койсок төлөп коюп, андан ары кайра эле төгө беришет. Айыптын көлөмү 30 миң сомго чейин. Бизде 600 гана инспектор иштейт. Ар бирибизде 5-6дан арыз бар. Андан тышкары бизде пландуу текшерүүлөр бар. Биринчиден адам ресурстары жетишпейт. Экинчиден өзүлөрүнүн кайдыгерлик мамилесинен. Бизде текшерүү жүргүзүш үчүн прокуратцра, Экономика министринен макулдашуу алабыз”, - деди Амантурова.

Ал ошондой эле Бишкектин четиндеги калдыктарды таштоочу жай боюнча учурда Япониялык фирма грант боюнча жасап жатканын билдирип, Азия өнүктүрүү банкы менен 22 млн сомго кредиттик, 11 млн сом гранттык негизде долбоор өтүп, мурунку полигонду түздөп, үстүн жаап, жаңы полигон ачуу каралганын кошумчалай кетти.








Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!