Июль айына газдын баасы бекиди

Июль айына газдын баасы бекиди
2-Июль 2018, Дүйшөмбү, 16:43

Июль айында өлкө калкы үчүн жаратылыш газынын 1 м3 14 сом 31 тыйынды түздү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар бардык салыктары менен газдын 1 м3 үчүн 17 сом 55 тыйын төлөйт.

Сатуудан алынган салыкты эске албаганда 17 сом 39 тыйынды түздү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!