Бир адам унаага кыпчылып калган

Бир адам унаага кыпчылып калган
2-Июль 2018, Дүйшөмбү, 17:14

Эки унаа кагылышып натыйжада 1 адам каза болуп, дагы бир жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда “Хюндай-Портер” үлгүсүндөгү унаа менен “Мазда” унаасы кагылышкан. Кырсык 1-июлда болжол менен саат 10:06да катталган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барган. Унаада кыпчылып каза болгон маркумдун жансыз денесин чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган бир адам Чүй райондук ооруканасына жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!