​Станцияда 9 унаа күйүп кетти

​Станцияда 9 унаа күйүп кетти
5-Июль 2018, Бейшемби, 10:43

Баткендин Лейлек районундагы май куюучу станциядагы өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 4-июлда саат 20.30дар чамасында Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш аймакка жакын жайгашкан май куйуучу станциялардын биринде өрт чыккан. Тилсиз жоо эки сааттан кийин чектөөгө алынып, 5-июлда таңкы саат 5 жарымга жакын толук өчүрүлгөн. Өрттөн төрт киши жабыркады, алардын бири Кыргызстандын, калганы Тажикстандын жарандары. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Мындан сырткары 4 фура, 2 газ ташуучу автоунаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа өрттөнүп кетти. Ал эми май куючу станция толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө Кыргызстан тараптан бир, Тажикстандан үч бөлүм тартылган. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!