​35 жаранды мыйзамсыз кармап, иштеткен

​35 жаранды мыйзамсыз кармап, иштеткен
5-Июль 2018, Бейшемби, 11:15

Россиянын Москва облусунда кыргызстандыктарды мыйзамсыз кармап, мажбурлап иштетип келишкен. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, элчиликке Бактыбек Койчубаев жумуш берүүчүлөр 35 жаранды алдап паспортторун алып, алдамчылык жолу менен иштетишкени тууралуу арыз менен кайрылган. Аларды Москва облусундагы Большевик кыштагынан кармашкан.

Элчиликтин кызматкерлери менен миграция боюнча кызматы окуя болгон жерге барып, абал менен жакындан таанышкан. “Экоклининг” компаниясынын каттоосунда турган кыргызстандыктардын документи жок экендиги, санитардык талапка жооп бербеген шарттарда жашап жүргөндөрү аныкталган.

Сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн бир саат өтпөй, жумушчуларга паспорттору кайтарылып берилди. Ошондой эле, компаниянын жетекчилиги мурун иштеген эмгектери үчүн маяналарын 48 сааттын ичинде толугу менен төлөп берерин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР