Абылгазиев Ысык-Көлгө иш сапар менен барат

Абылгазиев Ысык-Көлгө иш сапар менен барат
6-Июль 2018, Жума, 10:59

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 6-7-июлда эки күндүк жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын объекттеринин Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдыгын текшерип, «Балыкчы-Корумду» унаа жолунун, Ысык-Көл районундагы альтернативалык «Семеновка-Григорьевка» унаа жолунун курулушун карап чыгат. Ошондой эле «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун ишмердиги менен таанышат.

Муну менен бирге премьер-министр 2018-жылдагы жайкы туристтик мезгилди уюштуруу боюнча көчмө жумушчу кеңешме жана Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев Ак-Суу районундагы дыйкан чарбанын ишмердиги, Каракол шаарынын ички жолдорунун жана Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы орто мектептин абалы менен таанышат. Ошону менен бирге Жети-Өгүз районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!