Россия эмгек мигранттары үчүн эрежелерди күчөттү

Россия эмгек мигранттары үчүн эрежелерди күчөттү
6-Июль 2018, Жума, 13:54

Россияга иш издеп келген чет өлкөлүктөр жашаган жери боюнча гана каттоого тура алышат. Бул тууралуу Россиянын Федералдык миграция кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин жумуш берүүчү тарап келген мигранттарды мекемелердин юридикалык даректери боюнча каттоого тургузууга укугу бар болчу. Эгерде мигрант курулуш жүрүп жаткан жердеги вагондо жашап жатса, анда вагондо жашайт деп катталышы керек. Москва шаары жана Москва облусундагы батир ээлери чет өлкөлүктөрдү убактылуу каттата алышпайт.

Жаңы эрежелер Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү. Миграция мыйзамын бузгандарга административдик жаза колдонулат. Ал тургай депортация чаралары көрүлөт.

Эскерте кетсек, Россияда 650 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет. Анын 70 миңден ашууну кара тизмеге кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!